www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-мартта Свердлов райондук соту кыз зордуктоого шектүү топ жигитти камакка алуу боюнча чечим чыгарды, деп маалымдады Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 28-февралда Бишкек шаарынын 22 жаштагы тургуну (кыз) Чыгыш-5 кичи районундагы «Ситора» кафесинде эс алуу учурунда чоочун балдар тарабынан уурдалып, зордукталганын милицияга кабарлаган.

Анын айтымында, ошол күнү ал аталган жерге барганын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялаган. Муну кыздын көңүлүн алууга аракет кылып жүргөн жигит көрүп, тааныштарын ээрчитип, аталган жерге барган. Топ жигит кыздын абалынан пайдаланып, эс алуу жайынан алып чыгып, унаа менен шаар четине алып барып зордуктап, таштап кетишкен. Окуядан соң эсине келген кыз жакын жердеги дүкөнгө барып, милиция чакырган.

Бул факт боюнча укук коргоо органдары шектүү катары 2000-жылы туулган Т.К., Б.С. жана Б.Ж., 2001-жылы туулган Э.Т., Ж.Т. аттуу жигиттерди кармаган. Соттун чечими менен 5 жигит 28-апрелге чейин 1-абакка (21-тергөө абагы) киргизилди.

Последние новости