www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаңы Ош базар 3 ай ичинде курулуп бүтүп, азыркысы толугу менен көчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев күн мурун Ош базарга жасалган рейд учурунда билдирди.
Анын айтымында, жаңы базардан зарыл болгон расмий документтери бар гана соодагерлер орун ала алат.
"Азырынча расмий документтери жок иштеп жаткандарга эч ким тийбейт. Бирок, биз көптөн бери эле документтерди ирээтке келтирүү зарылдыгын эскертип келебиз. Базар толугу менен көчүрүлөт. Жаңы базарга көчкөндөн кийин бул жакта соода кылганга тыюу салынат. 3 айдын ичинде бүтөт деп жатышат. Бардык соодагерлер жаңы орундарга которулат, эч ким калбайт. Бирок, жаңы базардан патенти жана соода кылуу үчүн мыйзамдуу келишими болгон жарандар гана алгачкылардан болуп орун ала алышат", - деди мэр.