www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Көк-Жар кичи районунда кызды бычак менен кубалап жүргөн жигит кармалды.
Милициянын маалыматы боюнча, ал 2006-жылы туулган М.А. болуп чыкты. Шектүүгө карата КРнын Кылмыш-Жаза Кодексинин 126-беренеси («майда бейбаштык») боюнча протокол түзүлгөн.
Аны РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизишкен.
Дагы эки бишкектик аял бычак менен кууган жигиттин үстүнөн арызданышты. Алар милицияга арыз жазышкан.
Алардын бири жашы жете элек кыздардын айтымында, 1-август күнү кечинде Ибраимов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде бычагы менен белгисиз киши аларды кууп чыккан. Ал адам аларды көздөй бара жатып, жолдун ортосуна токтоп, бычак алып, жылмайып: «Че коркосуңбу?», деп коркуткан.
Кыздар кыйкырып, чочулап жолго чуркап жөнөштү. Бактыга жараша, жанында өтүп бара жаткан адам болгон, ал жардамга келип, аларды коопсуз жайга алып барган. Бирок, 10 мүнөттөн кийин белгисиз адам кайрадан пайда болуп, колундагы бычак менен кыздарды кууп баштады. Эл көп чогулган жерге жеткенде гана эже-сиңдилер милиция чакырганга үлгүрүштү. Кыздар аны баягы эле кок-жардагы жигит, деп болжоп жатышат.