www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте май куюучу жайларга жер берүүгө киргизилген мораторий 10 жылга узартылды. Мындай чечимди Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кабыл алды.

Убактылуу тыюу экологиялык жана технологиялык коопсуздукту камсыздоо, транспорттук түйүндөрдөгү көйгөйлөрдү чечүү максатында киргизилген.

Муну менен 2013-жылдын 19-ноябрынан бери иштеп жаткан мораторий 2033-жылдын 31-декабрына чейин узартылды.

Шаардык кеңеш май куйган станцияларга мурда бөлүнгөн аянттардын багытын өзгөртүүгө уруксат берүүнү сунуштаган токтомдун долбоорун да кабыл алды. Ага ылайык, бул жерлерге социалдык объект, сквер, парк жана башка жашыл зоналар, көп ярустуу унаа токтоткон жайлар курулмакчы.

 

Последние новости