www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Редакциядан: Мамлекеттик ишмер Бекболот Талгарбеков 3-мартта 69 жашка чыгат. Маараке күнгө карата белгилүү журналист, саясый илимдердин кандидаты Бакыт Орунбековдун пикирин жарыялоону туура көрдүк.
Бекболот Талгарбеков улуттук реформатор экени талашсыз. Ал кыргыз элине жаңы жол ачты. Ал жол – элет калкын, карапайым адамдарды эркин чарбанын, жердин, малдын, мүлктүн чыныгы менчик ээсине айланткан түйшүктүү, бирок натыйжалуу жана келечектүү жолу. Көз карандысыз мамлекет калыбына келген 33 жыл ичинде ийгиликтүү ишке ашкан жападан жалгыз реформанын автору. Айыл чарба, жер-суу реформасынын натыйжасында жаралган жаңы дыйкандар менен фермерлер, эркин чарбага ээ элет калкы кыргыз мамлекетин багып, сактап келатканы бүгүн айныксыз факт. Кыргызстандын атактуу юристи, бир кезде Конституциялык соттун мүчөсү болгон Жумакадыр Тагайбаев XVIII кылымдагы Улуу француз революциясы француз элине эркиндик алып келгенин, бирок бай-кедейлердин ажырымын жойгон теңчилик бере албаганын, XX кылымдагы Улуу Октябрь революциясы болсо совет элине тендикти камсыз кылганын, бирок эркиндикти бербегенин, натыйжасында бул эки улуу революция тең акыры кыйроого учураганын белгилеп, ал эми Бекболот Талгарбековдун революциясы эгемен кыргыз айыл элине теңдикти да, эркиндикти да чогуу берген жеңилбес, түбөлүктүү революция катары баалаган экен. Калетсиз аныктама.
Айрым окумуштуулар Талгарбековду “Кыргыз Столыпини” деп да аташат. Столыпин демекчи, реформаторлордун тагдыры түркүн. Мекендештери, ошол реформалардын үзүрүн көргөндөр, башкача айтканда, мамлекеттик ишмер тобокелчилик менен жүзөгө ашырган өзгөртүүлөрдүн бенефициарлары, өлкөнүн жарандары реформаторлордун эмгегин ар түрдүү баалайт тура. Реформалардын куну кымбат, сабагы баалуу, наркы бийик. Тарыхка экскурс жасап, салыштырып көрөлүчү.
Петр Аркадьевич Столыпин падышачылык Россиянын эң соңку реформатору жана саясый, экономикалык өзгөртүүлөрдү киргизүүгө белсенген акыркы өкмөт башчысы. Орус-жапон согушунан жеңилген, консервативдик системанын айынан кризиске баткан Россиянын өкмөт башчылыгына 1906-жылы дайындалган Столыпин агрардык, социалдык реформаларды ишке ашыра баштайт. Дыйкандарга жер бөлүштүрөт, дыйкандардын жарандык укуктарын кеңейтет, элет калкын башка катмарларга теңеген паспорт системасын, жумушчуларды мамлекеттик камсыздоо тутумун, жалпыга милдеттүү баштапкы билим берүү системасын киргизет, саламаттык сактоо тармагын өзгөртөт. Толук ишке аша элек, бирок башталган агрардык реформасынын натыйжасында айдоо аянты 5 эсе кеңейет, эгин өндүрүү болуп көрбөгөндөй өсүп, дандын экспорту көбөйөт, айыл чарбасын механизациялоо башталат, калктын саны өсөт, орус калкынын билим деңгээли жогорулайт. Айтор, кечээ эле кризиске баткан Россия кайра дүркүрөп өнүгө баштайт. Бирок Столыпиндин каршылаштары, үзүрүн көрүп турса да анын реформаларын сындагандар, айрыкча бийликте анын оппоненттери арбын болгон. Басма сөздө, саясатчылар менен чиновниктер арасында “Столыпин орус айыл чарбасын талкалады, орус мужугунун убалына калды” деген жалаага калат. Парадоксалдуу мүнөздөмө, анткени Столыпиндин реформасы эзилген орус дыйканынын урматына арналган эле. 1911-жылы ал сунуштаган дагы бир топ прогрессивдүү мыйзамдар Мамлекетттик Кеңештен өтпөй калат. Ошондон көп өтпөй анархист Богров реформатор Петр Столыпинди Киевдеги опера театрында атып өлтүрөт.
1861-жылы жазында падыша Александр II кулчулуктун орус тибиндеги формасы болгон крепосттук укукту (крепостное право) жокко чыгарган манифестин жарыялайт. Александр II бул кадамы зор мааниге ээ, дүйнөлүк жана орус тарых наамасында “улуу реформа” деп аталат. “Бошотуучу” деген лакап атка ээ императорго 8 ирет кол салышып, акыры 1881-жылы террористтер жардырган бомбадан каза тапкан.
Америкадагы кулчулукту президент Авраам Линкольн жойгону белгилүү. Ал 1862-жылы “кулдар мындан ары жана түбөлүккө эркин, башы азат” деп жарыялаган “Кулдарды бошотуу тууралуу прокаламацияга” кол коёт. Ушул прокламациянын негизинде АКШ Конституциясына адам укуктары менен эркиндиктери чектелбейт деген XIII түзөтүүсү киргизилген. Линкольндун Американын тарыхын түп-тамырынан бери өзгөрткөн бул тарыхый чечими кезинде катуу каршылыкка тушугат. Акыры 1865-жылы президент Линкольнду атып тынышат.
Кыска мисалдардан көрүнүп тургандай, реформаторлордун тагдыры татаал, бирок алардын реформасынын натыйжасы тагдыр чечүүчү мааниге ээ, миллиондогон кишинин жашоо турмушун, бүтүндөй өлкөлөрдүн жана континенттердин саясый, коомдук, социалдык-экономикалык абалына таасир этет жана тийгизип келет.
Дүйнөлүк экономикалык, финансылык системада алигиче колдонулуп келе жаткан Салык кодексин император Наполеон Бонапарт иштеп чыккан жана киргизген. Дээрлик бардык өлкөлөр модель катары колдонгон Жарандык кодекс дал ушул генийдин реформасынын натыйжасы.
Америка 1929-1933-жылдары “Улуу депрессия” деп таамай аталган терең кризиске батканда президент Франклин Делано Рузвельт реформасын сунуштайт. Ашкере либерализм менен бизнестеги анархияны чектөө, экономиканы стихиялуу жолдон жөнгө салынуучу, башкарылуучу нукка которуу аркылуу чөгөлөгөн өлкөнү 100 күн ичинде бутуна тургузуп, Американы эң кубаттуу жана экономикалык гигантка айлантат. Стихиялуу экономикага стратегиялык пландоонун элементтери, ресурстарды программалык негизде башкаруунун механизмдери киргизилет. Үч ирет президент болуп шайланып, урмат-сыйда жашап өттү. Американын тарыхында эң абройлуу президенттердин бири.
Ишке ашкан ийгиликтүү реформалардын эң мыктысынын автору – Ли Куан Ю. 30 жыл ичинде артта калган, жакыр, кен байлыктан куржалак, чакан аралча Сингапурду эң алдыңкы жана кубаттуу 20 мамлекеттин катарына кошту. “Экономикалык керемет” жараткан, коррупцияны ооздуктаган Ли Куан Ю кызматтан кеткен соң да кадырынан ажыраган жок, баркы кемибеди. Сингапурдун патриархы 91 жашында көз жумду, өлкө 7 күн аза күттү.
Теократиялык өлкө, артта калган халифатты Түрк Республикасына айланткан, Түркияны кубаттуу жана бай мамлекетке, эл аралык аренадагы таасирдүү оюнчу даражасына жеткирген чыныгы реформаторлордун бири – Мустафа Кемал. Ататүрк сыймыктуу аткан конгон улуу саясатчы урпактары үчүн идеал, улуу инсан, ал эми кемализм Түркиянын алигиче расмий идеологиясы.
Кытай реформаларынын атасы Дэн Сяопин, Түштүк Корея кереметинин архитектору президент Пак Чон Хи, Улуу Британиянын “Болот айым” атка конгон премьер-министри Маргарет Тэтчер, Малайзиянын улуттук лидери Мохаткир Мохаммад сыяктуу башкаруучулар реформаларынын аягына чыгып, эмгеги жогору бааланып, урмат-сыйга татыды. Булар мамлекеттин же өкмөттүн башчылары.
Жанатан бери ар тарыхтан, алыс-жууктан мисал келтирип, мамлекет же өкмөт башчысы эмес, катардагы министр тургай, эки жыл гана министрдин милдетин аткаруучу болуп туруп, бүтүндөй айыл чарбасына кардиналдык реформа жасаган ишмер учурата албадым. Жалпы дүйнөдө ийгиликтүү реформа жасаган министрлер балким болсо керек. Бирок да постсоветтик мейкиндикте биздегидей мыкты реформаны толук ишке ашырган министр кездешпейт. Бекболот Талгарбеков Кыргызстанда ийгиликтүү ишке ашкан жалгыз реформанын архитектору да, идеологу да өзү, аткаруучусу өзү жана элеттиктер, дыйкандар менен фермерлер. Дыйкандар менен фермерлер бүгүн кубаттуу катмар, Кыргызстандын экономикасынын негизин түзгөн жаратмандар, өлкөдөгү стабилдүүлүктүн башкы фактору.
Американын көйкашка президенти Жон Кеннеди сенатор кезинде жазган “Эрдиктин бейнеси” (Profiles in Courage ) аттуу айтылуу китебинде өз партиясынын позициясына жана коомдук пикирге каршы добуш берген, корпоративдик кызыкчылыктын урматына жеке принциптерин садага чаппаган 8 сенатордун ишмердүүлүгүн баяндап, алардын ишин саясый эрдик катары баалайт. Салгылашта, кармашта же кыйчалыш мезгилде эрдиктин жөнү башка. Окко төшүн тоскон жоокер, сууга чөккөн кишини сактап калган адам каарманбы? Албетте. Алоолонгон өрттөн ымыркайды сууруп чыккан эрдикпи? Эрдик. Ким болбосун эрдик деп жазбай айтат. Ал даана байкалат, элдин көбү баамдайт, баалайт, суктанат, даӊазаланат, эскерилет, үлгү катары тарбиялык кызмат кылат. А саясый эрдикти баамдоо, баалоо коомдогу басымдуу көз карашка, коомдук пикирге, анын саясый идеалдарына, нравалык баалуулуктар системасына жараша болмогу анык. Эгер Кеннединин каармандары тигил же бул маселеде жарандык позициясы боюнча саясый эрдик деп бааланса, Бекболот Талгарбековдун айыл чарба реформасы саясатта – анык эрдик, чыныгы кашкөйлүк. Айыл чарбасын түп-тамырынан бери өзгөртүп, жерге укукту жердин чыныгы ээлерине берди, жерге жана эмгекке болгон мамилени жаңы нукка салды. Советтер союзунда менчиктин эки гана түрү – мамлекеттик жана коллективдүү (насили бул деле мамлекеттик) менчик үстөмдүк кылып келгени белгилүү. Ушундай шартта көз карандысыздыгы жаңы калыбына келген, суверенитети али бекемделе элек мурдагы союздук республикада жерге жеке менчик системасын киргизүү экономикадагы, укуктук мамилелерде, психологиядагы чыныгы революция. Ийгиликтүү ишке ашса, даңкы башкаларга ыйгарыла турган, авторлору арбын болмогу анык реформа. Ишке ашпай калса жалгыз бир гана адам күнөөлүү боло турган опурталдуу иш эле. 1994-жылы башталган айыл реформасынан бери 30 жыл өтсө да Талгарбековдун саясый эрдигинин тарыхый маанисин, социалдык-экономикалык, менталдык изги натыйжасын түшүнбөгөн адамдар жок эмес. Кезегинде Столыпинди, Линкольнду, Тэтчерди жана башка реформаторлорду саясатчылар менен чиновниктер кандай сындаса, Талгарбековду да эски көз караштардын туткунунда калган жарандарыбыз сындап келишет. Дагы бир канча жылдан кийин Талгарбековдун реформасынын мааниси ого бетер артып, чыныгы жана татыктуу баасын алмагы анык. Тарыхтын мыйзамы ушундай.
Бекболот Талгарбеков бир кезде реформаны ишке ашырдым эле деп бейкапар жатып алганы жок. Ал дайыма акыйкат үчүн күрөшүп келет. Эске салсак, президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда коррупция туу чокуга жетип, өлкөбүз рекорддук 169-орунга чыккан экен. Коррупцияны жана адилетсиздикти ачык сындаганы үчүн Талгарбековду президент Атамбаевдин бийлиги "мамлекеттик төңкөрүш уюштурмак" деген жалган айып менен күчөтүлгөн режимде он төрт жылга соттогон. Анын үч жарым жылын абакта, болгондо да террористтер, экстремисттер менен бирге өтөп, кийин бийлик алмашканда толук акталды. Белгилүү саясатчы Каныбек Иманалиев айтты эле: “Элибизде "ак ийилет, бирок сынбайт” деген накыл сөз бар. Бирок Атамбаевдин бийлиги Бекболот Талгарбековду сындырмак турсун, ийилте албады”. Таасын кеп.
Ардактуу агабыз саясый жана коомдук иштерге жигердүү аралашып, орчундуу маселелер боюнча калыс пикирин, омоктуу оюн билдирип, тигил же бул чоң проблемаларды чечүүнүн жолдорун сунуштап келет. Азыр да жаратман эмгектин үстүндө жүргөн агабызга бекем ден соолук, өлкөсүнө арналган изги ишинде ийгиликтерди каалайлы!
Булак: Азия News гезити