www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызтелеком» байланыш тармактарындагы оңдоо, калыбына келтирүү боюнча профилактикалык жумуштарга байланыштуу 6-мартта саат 9.00дөн 14.00гө чейин «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү жайында адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүүдө убактылуу үзгүлтүктөр болушу мүмкүн. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан башка өткөрмө бекеттери штаттык режимде иштейт.

Чек ара кызматы мамлекеттик чек араны кесип өтө турган жарандардан жол жүрүү багытын жана убактыларын алдын ала пландаштырып алууларын суранат.

Последние новости