www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаевдин Италиянын Ыйгарым укуктуу министри, Экономика жана каржы министринин дипломатиялык кеңешчиси Стефано Белтраме менен жолугушуусу өттү.

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө элчи Базарбаев банктык-финансы тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин, анын ичинде Кыргызстан менен Италиянын банктарынын ортосунда түз өз ара аракеттенүүнү орнотууну талкуулады.

Ошону менен бирге италиялык тарапты салык тармагындагы кызматташууну активдештирүү зарылдыгына көңүл бурулду.

Стефано Белтраме кыргыз тарап менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, эки тараптуу кызыкчылык туудурган кызматташтыкты илгерилетүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин белгиледи.

Последние новости