www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурда мас абалында унаа башкарганы үчүн кармалган милиция кызматкери ички иштер органдарынан расмий түрдө бошотулду. Бул тууралуу 14-апрелде Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 10-апрелде болгон. Кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө унааны Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБине караштуу ГОМ-4 бөлүмүнүн нөөмөтчү инспектору, милициянын улук лейтенанты С.С. башкарып баратканы аныкталган.

Алкоголь колдонгону медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгы менен тастыкталды.

Бишкек ШИИББ мындай жүрүм-турум кызматтык тартипти одоно бузуу болуп саналарын, ички иштер органдарынын кадыр-баркына шек келтирип, алардын аброюна доо кетирерин белгиледи.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында аталган кызматкерди Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынан бошотуу чечими кабыл алынды.

Последние новости