www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Быйыл Алай районунда таза суу менен камсыздоо системаларын куруу иштери башталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 13-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Алай районунун тургундары жана активи менен жолугушканда билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, Алай районундагы 65 айылдын 45и таза суу менен камсыздалган. 20 айылдын таза суу менен камсыздоо системалары калыбына келтирүүнү талап кылат.
“12 айылдагы курулуш жумуштарын ишке ашыруу быйыл башталды. Ушул жылы Гүлчө шаарында таза суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу долбоорлорунун курулушу дагы башталат”, - деди президент.