www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдөгү синтетикалык баңгизат менен 2008-жылы туулган жаран кармалды.
Бишкек шаарында «мефедрон» аттуу синтетикалык баңгизатты Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз ташып келүү каналы аныкталып, бөгөт коюлду.
Бул тууралуу тиешелүү органдар маалымдады.
Маалыматка ылайык, операция «Түндүк» темир жол бажысынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан биргелешип жүргүзүлгөн.
Бишкек шаарында өткөрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2008-жылы туулган А.А.Б. аттуу жаран кармалган. Анын жанынан өзгөчө ири өлчөмдөгү «мефедрон» синтетикалык баңгизаты табылып, алынган.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, алынган баңгизатты мыйзамсыз сатуу болгон учурда тиешеси бар адамдардын кирешеси 10 миллион сомдон ашмак.
Учурда баңгизаттын келип чыгуу булагын, аны өлкөгө мыйзамсыз ташып келүү каналдарын жана мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.