www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлай Машрапова, Алишер Козуев жана Илимбек Кубанычбеков Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ала-Тоо айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары менен жолугушту.

Жолугушууда аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө байланыштуу бир катар маселелер талкууланды.
Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын айтымында, Ала-Тоо айыл аймагы калкынын саны боюнча өлкөдөгү ири аймактардын бири. Ушуга байланыштуу көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу жана саркынды суу тутумун киргизүү негизги муктаждыктардын бири болуп саналат.

Мындан тышкары, мектептерди, бала бакчаларды жана маданият үйлөрүн куруу, айрым социалдык объектилерди капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, жолдорду асфальттоо маселелери көтөрүлдү. Ошондой эле жөлөкпул жана пенсияга байланыштуу көйгөйлөр айтылды.

Эл өкүлдөрү көтөрүлгөн маселелердин көпчүлүгү боюнча кабардар экенин билдирип, аларды чечүү багытында тиешелүү министрликтер жана мамлекеттик органдар менен иш алып бара тургандыктарын белгилешти.

Депутаттар калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган демилгелерди Жогорку Кеңеш колдоого даяр экенин айтып, маселелерди чечүүдө жергиликтүү бийлик менен тыгыз кызматташуу маанилүү экенин белгилешти.

Последние новости