www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарындагы М. В. Фрунзенин Мемориалдык үй-музейинде 19-сентябрда М. В. Фрунзенин элесине арналган II шахмат турнири өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Турнирге Бишкек шаарындагы мектептердин жана жогорку окуу жайлардын окуучулары, ошондой эле жаш шахматчылар — аталган шахмат клубу жана борбордун мүчөлөрү катышат. Мелдештин жүрүшүндө катышуучулар шахматтагы чеберчилигин көрсөтүү менен бирге логикалык жана стратегиялык ой жүгүртүү, көңүл топтоо, чыдамкайлык жана туура чечим кабыл алуу көндүмдөрүн сынашат.
М. В. Фрунзенин Мемориалдык үй-музейинде шахмат турнирин өткөрүү тарыхый эстутумду, маданиятты, билим берүүнү жана интеллектуалдык спортту айкалыштырган жакшы салтты улантууда. Музей жаш муундар үчүн тарыхый мурасты таанытуучу жай катары гана эмес, билим берүү жана маданий баарлашуу үчүн ачык мейкиндик катары да кызмат кылат.