www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөр менен шайлоо мыйзамдарын бирдей колдонуу жана жарандардын кайрылууларын кароо маселелери талкууланды.

Бүгүн, 16-сентябрда Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөр менен онлайн форматта жумушчу жыйын өттү.

Жыйынды БШКнын арыз-даттанууларды кароо, ошондой эле шайлоочуларга маалымат берүү жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топторунун жетекчиси Тимур Оторбаев өткөрдү.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоо мыйзамдарын аймактарда бирдей колдонуу, жарандардын жана шайлоо процессинин катышуучуларынын кайрылууларына ыкчам чара көрүү жана шайлоо жол-жоболорунун мыйзамдуулугун камсыз кылуу маселелери каралды.

Арыздарды жана даттанууларды кароодо мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдү жана жол-жоболорду так сактоо, тиешелүү комиссиянын компетенциясын туура аныктоо, кайрылууларды объективдүү жана ар тараптуу кароо жана кабыл алынган чечимдерди талаптагыдай тариздөө зарылдыгы белгиленди.

Ошондой эле шайлоо алдындагы үгүт иштеринде мыйзамда белгиленген талаптарды, чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактоо, үгүт материалдарын жайгаштыруу тартибин аткаруу жана жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу талаптары боюнча маалымат берилди.

БШКнын маалыматына караганда, шайлоого даярдык көрүү мезгилинде комиссия мүчөлөрүнүн кесиптик деңгээлин жогорулатуу, шайлоо процессинин мыйзамдуулугун жана ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, ошондой эле жарандардын шайлоо укуктарын коргоо боюнча иштер улантылууда.

Последние новости