www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 21-майында Бишкек шаарындагы №33 мектепте жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору менен кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары В.А. Мозгачева, мэриянын Билим берүү департаментинин директору Р.И. Мусаева жана Бишкек шаардык прокуратурасынын улук прокурору Г.А. Алымкулова катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө «Акыркы коңгуроо» иш-чараларын өткөрүү маалында окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери каралды. Ошондой эле 2025–2026-окуу жылында шаардагы жалпы билим берүү уюмдарына жүргүзүлгөн көзөмөлдүк-методикалык текшерүүлөрдүн жыйынтыктары талкууланды.
Окуу жылынын аяктоочу мезгилинде коомдук тартипти сактоо, коопсуздук чараларын күчөтүү, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жоопкерчилиги маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, бүтүрүү экзамендерин, салтанаттуу линейкаларды, бүтүрүү кечелерин уюштурууда жана мугалимдерге белек алуу үчүн акча чогултууга катуу тыюу салынары эскертилди.
Жыйында ошондой эле жайкы каникул мезгилинде балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын бош убактысын туура уюштуруу жана жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу маселелери да каралды.
Жыйындын соңунда мектеп жетекчилерине окуу жылын уюшкандыкта аяктоо, окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана белгиленген талаптарды так сактоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.