www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев трамвайды “келечектүү транспорт” катары көрсөтүүгө аракет кылып жатканы коомчулукта олуттуу суроолорду жаратты. Анткени бир нече жыл мурда эле шаар бийлиги троллейбус линияларын “шаардын көркүн бузат” деген жүйө менен демонтаждап, ондогон чакырым зымдарды алып салган. Эми болсо ошол эле бийлик кайрадан рельс төшөп, үстүнөн электр зымдарын тарткан трамвай системасын сунуштап жатат.
Андыктан шаар бийлигинин транспорттук саясатынын логикасына түшүнүп болбойт. Дегенибиз, троллейбус экологиялык жактан таза, даяр инфраструктурасы бар, Бишкек үчүн көнүмүш транспорт эле. Анын ордуна жүздөгөн миллион сомдук зымдар кесилип, каттамдар жабылды. Коомчулукка “заманбап шаарга туура келбейт” деп түшүндүрүшкөн. Бирок бүгүн трамвай тууралуу сөз болгондо ошол эле электр зымдары жана өзүнчө инфраструктура кайра керектелери айтылууда.
Мындан да маанилүүсү, трамвай куруу жөн гана зым тартуу эмес. Ал үчүн жол казылып, рельс төшөлөт, көчөлөр кайра пландалат. Бишкек сыяктуу көчөлөрү тар, тыгындан башы чыкпаган шаарда бул ири чыгым жана көп жылдык башаламандык жаратышы мүмкүн. Шаар азыркы күндө деле жол тыгындарын, коомдук транспорттун жетишсиздигин толук чече элек учурда, жаңы “мегадолбоорлор” канчалык реалдуу экени күмөн жаратат.
Мэрия “инвестор болсо метро да, асма жол да каралат” деп билдирүүдө. Бирок шаар тургундарына куру убада эмес, так эсеп, ачык стратегия жана туруктуу саясат керек. Болбосо бүгүн троллейбусту алып, эртең трамвайды мактоо, бул транспорт реформасы эмес, бири-бирине карама-каршы чечимдердин айлампасы болуп калат.