www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаадагы бала бакчалар кайрадан жабылып, мектептер аралыктан окууга өтөт. Бул тууралуу Бишкектин эпидемиологиялык комиссиясынын жыйынында чечим кабыл алынганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Балдардын, ата-энелердин жана мугалимдердин коопсуздугу үчүн 12-апрелден тарта мектептер онлайн окууга өтөрү белгиленет. Ал эми шайлоо участкалары жайгашкан 14 бала бакча 8-апрелден тарта жабылат. Мындай чечим коронавирус боюнча кырдаал турукташканга чейин күчүндө болот.

«Урматтуу шаардыктар, ата-энелер жана балдар, эпидемиологиялык абал чыңалууда, соңку бир жумада Бишкекте COVID-19 жана пневмония менен ооругандардын саны өскөнү байкалууда», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, мэрия калаада санитардык көзөмөл күчөтүлүп, мобилдик бригадалардын жана чарбалык субъектилердин саны көбөйтүлгөнүн эскертти.

Белгилей кетсек, Кыргызстандагы бардык мектеп, бала бакчалар 1-апрелден тарта толук кандуу иштей баштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости