www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайда үйлөнүп жаткан баланын энеси жаңы келген келин анын 20 жыл мурда жоголуп кеткен кызы экенин той өтүп жатканда билген. Бул тууралуу Oriental Daily басылмасы жазды.
Өзгөчө окуя Кытайдын Сучжоу шаарында болгон. Салтанаттуу азем учурунда аял келининин колундагы калды байкап калган. 20 жыл мурда дайынсыз жоголуп кеткен кызынын колундагы белги дагы дал ошондой экени айтылат.
儿媳是亲生女儿,儿子瞬间变成了女婿!中国江苏近日一场婚礼上,妇女从媳妇身上的胎记,发现对方就是自己失散多年的亲生女儿。 https://t.co/ZXj6VzXAQM
— 东方网OrientalDaily (@ODNMalaysia) April 5, 2021
Шек санаган аял келининин ата-энесинен «өзүңөрдүн эле кызыңарбы» деп сураган. Алар жаап-жашырууну туура эмес көрүп, 20 жыл мурда жол боюнан кичинекей кызды таап алып кийин багып алышканын билдиришкен. Келин кайненеси аныгында анын өз апасы экенин билгенде кубанганынан ыйлап жиберген. Көптөн бери эле өз туугандарын тапкысы келип жүргөн кыз акыры тилегине жеткен.
婚礼当天发现儿媳竟是亲生女 儿子秒变女婿https://t.co/6RoSxnHvrP
— 8world News 8视界新闻 (@8worldnews) April 5, 2021
📌不要错过每天的即时新闻,点击加入我们的Telegram频道: https://t.co/UOi1ouQSJp#8视界新闻 #8worldnews pic.twitter.com/EqAA2CBL4J
Бул окуя үлпөт тойду токтото алган эмес. Себеби кызын жоготкон аял кийин бала багып алганы белгилүү болгон. Башкача айтканда, кыз менен баланын ата-энелери башка экени айтылды.
Булак: NazarNews.kg