www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте менталдык арифметика боюнча эл аралык сынак өттү. 4 жаштан 16 жашка чейинки балдар арасындагы олимпиадага 200дөн ашык окуучулар катышты. Алар Кыргызстандын бардык аймактарынан жана Өзбекстандан келген окуучулар. Сынактын жыйынтыгында 5 жеңүүчү Түркияда өтө турган эл аралык менталдык арифметика сынагына жолдомо алышты.

Жашына жараша болуп отургузулган сынактын катышуучулары алгач эки турдан өтүштү. Анда берилген эсепти картадан кыска убакытта чыгарышты. Финалга чыккандар аныкталганга чейин балдар келгендерге бир убакытта ырдап же ойноп, ошол эле маалда доскадагы сандарды кошуп, кемитип, чыгарып беришти. Менталдык арифметиканын өзгөчөлүгү ушунда, бир убакта мээдеги эки жарым шарын тен иштетет. Аны үйрөнгөн бала техникага караганда бардык эсепти тез жана туура чыгарат.

 Эл аралык сынакка биринчи ирет келген Өзбекстандык катышуучулар менталдык арифметика алардын өлкөсүндө жаңыдан жайылып баштаганын айтат. Ошондуктан да бүгүнкү сынакка өз өлкөсүндө мыкты деп табылган 12 гана окуучу келген. 

Олимпиада ушуну менен 3-ирет уюштурулду. Бул жолку сынак билим берүү жана илим министрлигинин колдоосунда өттү. Дүйнө электрондук технология тездик менен өнүгүп жаткан жаткан маалда балдардын ар тараптуу ой жугуртуусун өнүктүрүү зарылдыгы бар. Бир эле убакытта ойлонуп, башка нерсени да жасай алган бул долбоорду билим беруу министрлиги мектепке чейинки билим берүү системасынын программасына киргизүү маселеси кароодо. 

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости