www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте түнү белгисиз жарандар тарабынан милиция кызматкерлерине карата кол салуу болду. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-ноябрь күнү саат 01:25 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Садырбаев жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жарандар милиция кызматкерлерине кол салганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Жерине Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу дароо барышкан. Анда кызматкерлер Daewoo Nexia унаасын токтотууга аракет кылышкан, бирок айдоочу жолдо бара жатып, жол эрежесин одоно бузуп, милиция кызматынын унаасы менен кагылышуу жасаганга аракет кылган. 

Ошондой эле айдоочу кызматкерлерге баш ийбей унаасын Толстой жана Репин көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан кафенин жанына токтоткон. Айдоочунун аты-жөнүн жана документтерин сураганда анын жанында турган белгисиз 10-15тей бала милиция кызматкерлерине каршы күч колдонушкан. Мындан улам кызматкерлер эскертүү иретинде асманга ок атышкан. Андан кийин 1996-жылы туулган Т.А. 1998-жылы туулган А.А. жана 1996-жылы туулган С.Р. кармалган. Окуя болгон жерден үч снаряддын гильзалары табылган жана унаа айып короосуна токтотулган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости