www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте милиционер алтын уурдап кармалды

 Борбор калаада ИИМдин алдындагы Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөш кызматынын үч кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, милиционерлер алтын уурдады деп шектелүүдө. Аларды кармоо иши ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте уюштурулган.

УКМК билдиргендей, бул кызматкерлер июль айында баңгизатты жана баалуу металлдарды мыйзамсыз айланткан ишке катышы бар адамдарды кармашкан. Коопсуздук комитетинин маалыматы боюнча, алар пайда табуу максатында башка жарандар менен келишим түзүп, үч килограммдан ашык алтын уурдашы мүмкүн. Баалуу металлдар шектүүлөр кармалгандан кийин тергөө иштери жүрүп жаткан жерден табылган.

Бул боюнча КР Кылмыш кодексинин 200 ("Уурдоо") жана 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

ИИМдин алдындагы Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөш кызматынын К. И. К., С. А. А. жана К. Б. Б. аттуу кызматкерлери 22-августта колго түшүрүлгөн. Алардын иш бөлмөлөрүндө мыйзамсыз сакталып турган баңгизат табылганы айтылды. Учурда шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоо жайында экени кошумчаланды.

 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости