www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте белгисиз себептерден улам каза болгону айтылган 37 жаштагы Иван Сологубовдун өлүмү боюнча милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин милиция 9-августта Бишкекте эркек киши өз жанын кыюуга аракет кылганын, андан кийин көчө жакка чуркап чыгып, жерге кулап, белгисиз себептерден улам каза болгонун билдирген. Окуя Жибек Жолу менен Манас проспекттеринин кесилишинде болгону айтылган.

Бирок маркумдун агасы Арсений Сологубов милициянын айтканына ишенбей, калыс иликтөө жүргүзүүнү талап кылып, УКМКга кайрылган. Атайын кызмат бул ишти Биринчи май райондук прокуратурасына жөнөткөн.

Башкы прокуратура билдиргендей, милиция кызматкерлери Иван Сологубовду кармоо учурунда ага күч колдонгон. Анын жана ошол жердеги адамдардын Сологубовго аба жетпей дем ала албай жатканы тууралуу айткандарына көңүл бурбай, моюн-жаак тарабын басып жатып алган. Анын кесепетинин Сологубов көз жумган.

Териштирүү иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлерине 130-берене (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду.

Последние новости