www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги мектептердин биринде системалык коррупция жана окуучуларды кабыл алууда опузалап акча алуу фактылары аныкталганын УКМК билдирди.

Окуу жайдын өкүлү окуучуну алардын мектебине которуу үчүн 18 миң сом талап кылган. Анын 10 миң сому кирүү акысы болсо, 8 миңи мектепке жардам катары алынган. Болбосо окууга кабыл алуудан баш тартышмак. Каражатты электрондук түрдө аффилирленген жак которгон.

"Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, анын алкагында аталган мектептин жетекчилигинин мыйзамсыз аракеттери аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Пара талап кылуунун башка фактыларын жана системалуу коррупцияга тиешеси бар адамдарды документтештирүү боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мыйзамдарга ылайык, окуучуну мектепке которуу үчүн акчалай төлөмдөр каралбай турганын эскертет.

Мамкомитет буга чейин билим берүү тармагынын кызматкерлерине мыйзамсыз акча бергендиги жана алганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскерткен.

Последние новости