www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция кызматкерлери тез жардамга муктаж болгон аялды ооруканага жеткиришти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2024-жылдын 5-август күнү Бишкек шаарынын Жибек-Жолу жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен жаран кызматын өтөп жатышкан ИИМдин Күзөт кызматынын милиция кызматкерлерине жардам сурап кайрылган. 

Ал жубайынын жүрөгү ооруп жатканын, аны ооруканага тез арада жеткирүү керектигин, бирок жол тыгынына байланыштуу ооруканага тез жете албай жатканын айткан. Ошондуктан, милиция кызматкерлерине кайрылып жатканын билдирген. 

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери жарандын кайрылуусуна кайдигер карабай, аялды кызматтык унаа менен ооруканага жеткиришкен. Туугандары болсо өздөрүнүн унаасы менен милициянын кызматтык унаасынын артынан барышкан. Милиционерлердин аракетинин натыйжасында аялга өз убагында медициналык жардам көрсөтүлүп, өмүрүнө коркунуч жаралган эмес. 

Кийинчерээк, Бишкек шаарынын тургуну жубайынын өмүрүн сактап калган куткаруучуларды ыраазычылык билдирүү үчүн издей баштаган.  

Жакында, ИИМдин Коомдук кабылдамасына Бишкек шаарынын тургуну Жакыпбек уулу Бакыт кайрылып, жубайы Гүлнара Жамангулова Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун дарегине жазган ыраазычылык катты алып келген. Катта ички иштер органдарынын кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык милдеттерин кынтыксыз аткаргандыгы жана турмуштук оор кырдаалдарда өз убагында зарыл көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык сөздөрүн билдирген.

“ИИМдин Күзөт кызматынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн милиционерлери милициянын сержанттары Кенжебай уулу Азаматка жана Темирлан Зарлыковго кылдат жана ыкчам иш-аракеттери үчүн терең ыраазычылык билдирем. Алар адамдык мыкты сапаттары менен бирге өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле жасаарын көрсөтүштү.

Сиздердин милиционерлердин аракеттери жогорку жоопкерчиликтин, өз ара колдоонун жана адамгерчиликтин үлгүсү болуп саналат. Ички иштер органдарынын кызматкери деген наамына татыктуу. Башкалардын көйгөйлөрүнө кайдигер карабай, камкор мамиле кылган кызматкерлерди тарбиялагандыгы үчүн Сизге чоң ыраазычылык билдирем”,-деп Гүлнара Жамангулова ыраазычылыгын билдирип кеткен.

Каттын авторунун айтымында, аны ооруканага жеткирүү учурунда ал өзүн жаман сезип, эсин жогото баштаган. Бирок милиция кызматкерлеринин психологиялык колдоосунун аркасында, ал бул оор эмоционалдык абалдан оңой чыга алган. Милиция кызматкерлеринин кызматына кесипкөй мамилеси чындыгында мактоого татырлык.

ИИМдин Күзөт кызматынын башчысынын буйругуна ылайык, кызматтык милдеттерин так аткарган милиция кызматкерлери Кенжебай уулу Азамат жана Темирлан Зарлыковду Ардак Грамоталар менен сыйлады.

Ички иштер министрлигинин жетекчилиги коомчулуктун ички иштер органдарынын кызматкерлеринин күнүмдүк иши тууралуу пикирин жогору баалайт жана алардын ишине ыраазычылык билдирип, жогору баа бергендиги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.

Последние новости