www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарындагы Свердлов районунун аймагында ыйык Рамазан айына карата кайрымдуулук акциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Иш-чара «QATAR CHARITY» кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулду. Свердлов административдик району боюнча Социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турган 75 үй-бүлөгө азык-түлүк топтомдору тапшырылды. Алардын катарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, мүмкүнчүлүгү чектелген балдары, жакындары бар үй-бүлөлөр, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр бар.
Ар бир үй-бүлөгө ун, макарон азыктары, күрүч, кант, өсүмдүк майы, кургатылган жемиштер, чай, томат, курма жана туз камтылган азык-түлүк топтому берилди.
Бул акция калктын социалдык жактан аярлуу катмарларына колдоо көрсөтүүгө багытталган жана коомдо кайрымдуулук, боорукерлик жана өз ара жардамдашуу салттарын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.