www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 25-февралында Ысык-Ата РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматына караштуу Балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери Ысык-Ата районунун аймагында жайгашкан бир катар мектептерде «Мектеп рекетине каршыбыз» аталышындагы алдын алуу рейддик иш-чарасын өткөрүштү. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди. 

Иш-чаранын алкагында окуучулар арасында ар кандай укук бузуулардын, топтошуп мушташуулардын жана мектептеги рекетчиликтин алдын алуу максатында түшүндүрүү лекциялары уюштурулду. Милиция кызматкерлери өспүрүмдөргө мыйзам талаптары, жоопкерчилик чаралары жана коомдук жайларда өзүн алып жүрүү эрежелери тууралуу кеңири маалымат беришти.

Мындан сырткары, кызматкерлер тарабынан окуучулардын жүрүм-турумуна, сабакка катышуусуна жана мектеп аймагындагы коопсуздук абалына көзөмөл жүргүзүлдү. Мектеп администрациясы жана мугалимдер менен биргеликте өспүрүмдөр арасында тартипти чыңдоо жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча кошумча сунуштар берилди.

 

Последние новости