www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте муниципалдык жер тилкесин максатсыз пайдаланган кафе демонтаждалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Орто-Сай» базарынын аймагындагы Суеркулов көчөсүндө жүргүзүлүп жаткан инвентаризация учурунда Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын кызматкерлери мыйзам бузуу фактысын аныкташкан.
Текшерүүнүн жыйынтыгында жер тилкеси унаа токтотуучу жай уюштуруу үчүн ижарага берилгени белгилүү болгон.
Бирок ижарачы келишимдин талаптарын бузуп, аймакка жеңил конструкциядан жасалган кафе орнотуп, иштетип келген.
Буга чейин объект ээсине мыйзам бузууларды жоюу боюнча эскертүү берилип, муниципалдык жерди максатсыз пайдалангандыгы үчүн 13 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынган.
Түшүндүрүү иштеринен кийин кафе ээси мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттенме алып, объектти өз ыктыяры менен демонтаждаган.
Демонтаждын натыйжасында 200 чарчы метр муниципалдык жер тилкеси бошотулду.
Бошотулган аймакта көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, жер тилкеси мындан ары өзүнүн максаттуу багыты боюнча пайдаланылат.
Бишкек мэриясы муниципалдык жерлерди ижарага алган жарандарды жана ишкерлерди келишим шарттарын так сактоого жана жер тилкелерин белгиленген максатына ылайык пайдаланууга чакырды.