www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте футбол боюнча «Мурас» салттуу достук мелдеши аяктады. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, мелдешке ар кандай тармактардын өкүлдөрүнөн топтолгон 16 команда катышты. Байге фондусу 1 миллион сомду түздү.

Жеңүүчү катары «Ден соолук» командасы аталып, 400 миң сом утуп алды. Экинчи орунду «Коопсуздук» командасы ээлеп, 300 миң сом байге алса, үчүнчү орунга 200 миң сом алган «Спорт чеберлери» командасы жетишти.

«Президенттин командасы» курамы төртүнчү орунду алып, 100 миң сомдук сертификат менен сыйланды.

Мындан тышкары оюндардын жыйынтыгы боюнча «Мурас-2024» мелдешиндеги мыкты дарбазачыга, мыкты чабуулчу жана мыкты оюнчуга жекече сыйлыктар тапшырылды.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости