www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында чет өлкөлүк жарандар тарабынан уюштурулган мыйзамсыз интимдик кызмат көрсөтүү схемасы аныкталды.
Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр Кыргызстандын аймагына чет өлкөлүк аялдарды алып келип, аларды интимдик кызмат көрсөтүү тармагына тартууну уюштуруп келишкен. Алар кардарларды издеп, жашаган жай менен камсыздап, жолугушууларды уюштуруп, түшкөн кирешени бөлүштүрүп турганы белгиленди.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө үч чет өлкөлүк жаран аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Текшерүү учурунда акча каражаттары жана кылмыш ишине тиешелүү башка далил буюмдар алынган.
Учурда шектүүлөрдүн бири кармалып, соттун чечими менен эки айга камакка алынды.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Сойкулукка жана бузукулукка көмөктөшүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары улантылууда.