www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү каза болгон кыргызстандыктын үй-бүлөсүнө камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга көмөк көрсөттү.

Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстандын жараны Х.А.нын багуучусунан ажырагандыгына байланыштуу төлөмдөрдү алуу боюнча кайрылуусунун негизинде Россиянын Социалдык фондунун Москва шаары жана Москва облусу боюнча бөлүмү менен тиешелүү иштер жүргүзүлүп, расмий кайрылуулар жөнөтүлгөн.

Жыйынтыгында, 2026-жылдын 10-июнунда жаранга 2 миллион 200 миң рубль өлчөмүндө бир жолку камсыздандыруу төлөмү берилди.

Мындан тышкары, каза болгон жарандын үч жашы жете элек баласына бойго жеткенге чейин ай сайын төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмү дайындалды.

Последние новости