www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору Бишкекте танитардык талаптарга жооп бербеген тамак-аш цехин жапты.

Бишкектин Элебесов, 97 дарегинде жайгашкан цех ышталган балык, куйрук жана бал чыланган жаңгак сыяктуу өндүрүмдөрдү жасап келген.

«Көзөмөлдөө борборуна даттануу түшүп, цехке текшерүү жүргөн. Анын жыйынтыгында санитардык талаптардын одоно бузулганы аныкталган. Цех өз билемдик менен уюштурулуп, юридикалык документи жок экени белгилүү болгон», - деп айтылат маалыматта.

Цехтин жумушчулары нын медициналык китепчеси болгон эмес. Өндүрүмдөрдүн чыккан күнү белгиленген эмес. Текшерүүдөн кийин цехке 36 миң сомго айып салынып, 8-апрелден баштап цехти жабуу тескемеси берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости