www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматыда Ооганстандын төрт жараны кармалганын шаршембиде Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, чет элдик жарандар 16-мартта "кызмат адамына беш миң АКШ доллары өлчөмүндө пара берүүгө аракет кылган учурда" кармалган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары тергөө материалдарына таянуу менен жазгандай, бул каражат Испаниянын жана Португалиянын жасалма паспортторун колдонгон чет элдиктерди Алматы аэропорту аркылуу ташууну уюштурууга багытталган.

Расмий маалыматта Алматынын Чек ара көзөмөл башкармалыгы Улуттук коопсуздук комитетинин департаменти менен биргеликте Казакстандын аймагы аркылуу ооган жарандарын Орусияга жана андан ары Европа өлкөлөрүнө мыйзамсыз жөнөтүү каналына бөгөт койгону жазылган.

Бул боюнча "Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу" жана "Пара берүү" беренелери менен сотко чейинки тергөө иштери башталып, шектүүлөр камакка алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости