www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын аймагында "Рулда" деп аталган рейд башталганын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Мындай көзөмөл жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, жол кырсыктарын алдын алуу жана аны болтурбоо максатында жүргүзүлмөкчү.
"Марттын аягы, апрелдин башына чейин инспекторлор айдоочуларды көзөмөлдөп, рулдагыларга жана жөө адамдарга жол эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Унааны катуу ылдамдыкта айдаган, ээн баш, мас абалындагы айдоочуларга катуу чаралар көрүлөт", — деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, ылдамдыкты сактабай, адамдын өмүрүнө коркунуч туудуруп каршы тилкеге чыгып айдагандарга 15 миң сом айып салынат. Ал эми мас абалында автоунаа башкаргандардын унаасы айып короого токтотулуп, иши райондук сотко жиберилет. Күнөөсү тастыкталса күбөлүгүнөн ажыратылат.
Булак: NazarNews.kg