www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2024-жылдын 20-мартында Бишкек шаарында ыйык Рамазан айына карата Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин атынан Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын башчылары үчүн расмий сый тамак уюштурулду.

Кыргыз Республикасынын Тышкы саясат мекемесинин башчысы Ж.Кулубаев өзүнүн куттуктоо сөзүндө дипломатиялык корпустун өкүлдөрүн ыйык Рамазан айы, ошондой эле Нооруз майрамы менен куттуктады. Ыйык Рамазан айы ар бир коомдо жана бүтүндөй дүйнөдө ишенимди, сабырдуулукту, тилектештикти жана достукту бекемдеп, исламдын чыныгы маанисин жана жалпы универсалдуу баалуулуктарын алып келээрин өзгөчө белгиледи. 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев бардык конокторго чың ден соолук, жакшылык жана тынчтык, ошондой эле жетишкендиктерди жана өлкөбүздөгү дипломатиялык ишмердүүлүктөрүнө мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Кеченин жүрүшүндө жалпы мусулмандар үчүн ыйык болгон бул айда куттуктоолор жана жылуу каалоо тилектер айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости