www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муниципалдык жерлерге коммерциялык объекттерди мыйзамсыз тургузуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын башчысынын орун басары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында муниципалдык органдардын кызмат адамдары тарабынан аянты 0,0921 га (9,2 сотых) муниципалдык жерге, дареги: Бишкек шаары, 7 мкр 41а (Юнусалиев көчөсүнүн боюнда) жеңилдетилген типтеги соода объекттерин мыйзамсыз куруу фактылары аныкталды.

Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, анын алкагында КР жараны Д.М.А. ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдары менен тил табышып, 2017-жылы жеңилдетилген типтеги коммерциялык объекттерди (тез тамактануучу жайлар, дүкөндөр ж.б.) тийиштүү ижара келишими жок жана уруксат берүүчү документтери жок туруп, муниципалдык тилкеге ижарага берүү үчүн мыйзамсыз кургандыгы такталды.

Ошол эле учурда мыйзамсыз соода объектилерин жашырып, колдоо көрсөткөндүгү үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары системалуу негизде акчалай сый акы алышкан.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын кызмат адамдары аталган коммерциялык объекттердин курулушу аяктап, иштегенден 6 жыл өткөндөн соң, иштөөсүнө жарым-жартылай мыйзамдуулук берүү максатында "соода-сервистик, оюн-зоок комплексине жана мейманкана номерлери бар кафеге көрктөндүрүү үчүн" функционалдык багыты менен 2023-жылдын июлунда Курулуш жана өз алдынча бирдикке бөлүү укугусуз бир жылга ижара келишимин түзүшкөн.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында чогултулган материалдардын негизинде, Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын башчысынын орун басары, аталган соода жайынын ээси Д.М.А. жана анын бизнес өнөктөштөрү Б.А.М., Ж.Ж.М. кармалып, №1 тергөө абагына киргизилди.

Учурда аталган мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын жана күнөөлүүлөрдүн чөйрөсүн аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен күнөөлүү тараптардын аракеттерине юридикалык баа берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости