www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Боом капчыгайына кире бериштеги "Апамдын чайы" коомдук тамактануучу жайын көчүрүүгө дагы убакыт берилди. Маалыматты Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнөн тастыкташты.

Билдирмеге караганда, Чолок айылында брендге айланган каттамалар 1-сентябрга чейин мурунку эле ордунда сатылат. Тагыраагы, күзгө чейин көчүрүлбөйт.

Буга чейин аталган коомдук тамактануучу жайда иштегендер бийлик мартка чейин көчүү талабын койгону менен күн жакшы жылый электигин, айыл өкмөт да жер бөлүп бере электигин айтып, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги "Апамдын чайын" азыркы турган жеринен Ак-Мөөр тилкесин көздөй ("Муздак-Суу") көчүрүү сүйлөшүлүп жатканын маалымдаган. "Кыргыз темир жолу" ишканасы ал кафелер поезд жолго жакын (6 метр аралыкта) кооптуу жерде жайгашканын билдирген. Андан сырткары, санитардык эрежелер сакталбай, газ баллондорду коюп, темир жолдун жанына автоунаалар токтотулуп, балдар ойноп чыккан учурлар болорун айтышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости