www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 1-августтан тарта жол кыймылынын эрежелерин бузуу менен токтотулган унааларды аныктоо жана эвакуациялоо боюнча рейддик иш-чаралар башталат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Рейддер Кайгуул кызматы менен биргеликте өткөрүлөт.

Иш-чаралар жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, коомдук транспорттун жана ыкчам кызматтардын тоскоолдуксуз жүрүүсүн камсыздоого, башаламан токтоочу жайларды жоюуга, ошондой эле тротуар жана жөө адамдар жүрүүчү аймактарды бошотууга багытталган.

Мындан тышкары, рейддердин жүрүшүндө жол-көчө тармагын пайдаланууга тоскоол болгон ээсиз жана көп убакыттан бери колдонулбаган унаалар эвакуацияланат.

Ошондой эле шаарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштери жүрүп жаткан жерлерде, коомдук жайларда токтотулган, инфраструктураны жашылдандырууга, оңдоого жана тейлөөгө тоскоол болгон унааларга көңүл бурулат.

Аялдамаларда, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдө, кесилиш жана транспорттук инфраструктуранын башка объектилеринде токтотулган транспорт каражаттары дагы көзөмөлгө алынат.

Шаар бийлиги көп убакыттан бери колдонулбаган же кароосуз калган унаалардын ээлерин мүлкүн өз ыктыяры менен алып кетүүгө жана токтотууга тыюу салынган жерлерде транспорт каражатын калтырбоого чакырды.

Последние новости