www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК Threads колдонуучусун кармады

УКМКнын кызматкерлери улуттар жана аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган материалдарды таратууга шектелген Threads социалдык тармагынын колдонуучусун кармады.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси («Расалык, этникалык, улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча кылмыш иши иликтенип жатат.

Кармалган адам 1991-жылы туулган Кыргызстандын жараны Ш.М.А. болуп чыкты.

Ал кастык козутууга, жарандарды кемсинтүүгө чакырык камтылган материалдарды, ошондой эле айрым улуттардын өкүлдөрүнө карата терс мамилени калыптандырууга, коомдук тартипти бузууга жана өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган билдирүүлөрдү жарыялап турган.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн жашаган жеринен маалымат ташуучу электрондук каражаттар, байланыш каражаттары жана тергөө үчүн мааниси бар башка буюмдар алынды. Соттук экспертизалар дайындалды.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, сурак учурунда кармалган адам мыйзамсыз билдирүүлөргө тиешеси бар экенин мойнуна алды.

Учурда ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.

Последние новости