www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги №17 Үй-бүлөлүк медициналык борбордун (ҮМБ) бир дарыгеринин бардык үй-бүлө мүчөлөрү коронавирус инфекциясын жуктурган. Бул тууралуу аталган борборунун башкы дарыгери Гүлнара Ташибекова журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, кечээ ПЦР анализдери дарыгердин үй-бүлө мүчөлөрүнө жүргүзүлүп, алардын илдетке чалдыкканы аныкталган.
“II категориядагы байланышта болгондор жуктуруп алган. Алардын арасында үч чоң киши жана бир үч жашар бала бар. Бардыгы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык”, - деди Гүлнара Ташибекова.
Эске салсак, № 17 ҮМБнын сегиз дарыгери коронавирусту жуктуруп алышкан. Буга байланыштуу медициналык борбор жабылып, бүт жамаат изоляцияга алынган. Гүлнара Ташибекова буга чейин №17 ҮМБнын дарыгерлери Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери менен байланышкандыгын маалымдаган.
Булак: NazarNews.kg