www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Октябрь РИИБинин тергөөчүсү кармалды

Бишкекте Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн №4 бөлүмүнүн тергөөчүсү кармалганын бүгүн, 10-февралда, АКИpress агенттигине тартип коргоо органдарындагы өздүк булактар билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, К.у.Э. аттуу жаран кечээ, 9-февралда жумуш ордунда кармалган. Кармоо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жана ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.

Тергөөчү пара талап кылууга шектелүүдө. Ал милиционерлердин үй-бүлөсүнөн чыккан. Атасы жетекчилик кызматтарды аркалап, ички иштер органдарында оперативдүү иштерди көзөмөлдөгөн. Кармалган жарандын башка жакындары дагы милицияда иштеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости