www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду кабыл албай койгонун айтып, аны сынга алды.

Эл өкүлү «Кумтөр» боюнча маалымат берилбей жатканы күмөн жаратып жатканын белгиледи

«Мен ушул Кумтөр боюнча акылдуу Акылбек Жапаровго кайрылдым. Телефон чалдым, СМС жаздым, менин кеңешчим чалды кабылдамасына… Мен Кумтөр боюнча маалымат алып, элге айтайын дегем.

Тилекке каршы жооп болгон жок. Элден, депутаттардан жашырган жашыруун маалымат бар экен деп ойлоп жатам. Кыргызстандын алтынын “бөлтүрүк” менен “карышкырга” кайтартып жатыптырбыз деп ойлондум. Жапаров боюнча сөздөр көп…

Эл арасында «Акылбек Жапаровдун чөнтөгүн тигип иштеткиле, Акылбек Жапаров төрөлгөндө еврейлер ыйлаган» деп айтылып келет», — деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости