www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КРСУнун ректору Денис Фомин-Нилов белгилегендей, Кыргызстан менен Россиянын тарыхы көптөгөн окуялар менен чырмалышкан.

Кыргыз-Россия Славян университетинде "Кыргызстан менен Россиянын жалпы тарыхы заманбап контекстте" аттуу илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

Тегерек столдо Кыргызстан менен Россиянын жалпы тарыхынын негизги маселелери, анын ичинде тарыхый окуяларга мамиле жана баа берүү, 19-20-кылымдардагы Борбордук Азия элдеринин биргелешип өнүгүүсү, ошондой эле "деколонизациянын" мааниси талкууланды.

КРСУнун ректору Денис Фомин-Нилов белгилегендей, Кыргызстан менен Россиянын тарыхы көптөгөн окуялар менен чырмалышкан.

"Бүгүн биз бул жерге өткөндү гана эмес, анын азыркы жана келечекке тийгизген таасирин талкуулоо үчүн чогулуп жатабыз. Заманбап чакырыктардын жана глобалдык өзгөрүүлөрдүн шартында тарыхты чечмелөө маселеси өзгөчө мааниге ээ болуп жатканын белгилей кетүү керек. Биздин университет ар дайым өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташтыкты тереңдетүү үчүн күчтү бириктирип, элдердин ортосундагы көпүрө болууга умтулуп келет", — деди Фомин-Нилов.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости