www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Облустук театр Уфадагы фестивалга катышып, Москвадагы мекендештерге да өнөрүн тартуулай турганы айтылды.

 Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын жамааты Башкыртстандын борбор калаасы Уфа шаарында өтүүчү "Туганлык" эл аралык фестивалына катышуу үчүн сапар алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-майда Ысык-Көл облустук театры Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повести боюнча сахналаштырылган режиссер Уланмырза Карыпбаев койгон спектаклди көрсөтөт.

"Ошондой эле Ысык-Көл театры 28-майда Москва шаарындагы мекендештербизге Султан Раевдин "Күн кармаган бала" повестинин негизинде сахналаштырган спектаклди көрсөтүшөт", — деп айтылат маалыматта.

Аталган спектакль 2023-жылы 9-ирет өткөрүлгөн "АРТ-ОРДО" IХ эл аралык театр фестивалында баш байгеге ээ болгон.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости