www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык мушкерлер Париждеги Олимпиада оюндарына лицензия ойнотулган бокс боюнча мелдешке катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш Таиланддын Бангкок шаарында өтүп, 23-майда башталат. Ага Кыргызстандан 6 мушкер барат.

Белгилей кетсек, бул турнирде боксчуларга Париждеги Олимпиадага лицензия алууга соңку мүмкүнчүлүк берилет. Кыргызстандык мушкерлер азырынча жолдомо ала элек.

Курама команданын тизмеси:

  • Анвар Хожаев — 51 кг;
  • Мунарбек Сейитбек уулу — 57 кг ;
  • Асхат Култаев — 63,5 кг;
  • Нурадин Рустамбек уулу — 71 кг;
  • Өмүрбек Бекжигит уулу — 80 кг;
  • Эркин Адыл уулу — 92 кг ;

Башкы машыктыруучу — Төлөгөн Данияр уулу;

Улук машыктыруучу — Улан Сагынбаев;

Машыктыруучу — Беганас Султанбаев.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости