www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Фейсбуктагы пикирине байланыштуу кылмыш иши козголгон Темир Болотбек атту жарандын соту башталды. Биринчи Май райондук сотунда бейшемби күнү өткөн алгачкы отурум бир сааттай эле созулуп, жараянда аудио жаздырууга гана уруксат берилди. Кийинки отурум 27-апрелге пландалды. Бул тууралуу Азаттык билдирди.
Мамлекеттик айыптоочулар тергөөдөгү экспертизанын жыйынтыгында "Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин окутуучусу Темир Болотбектин Фейсбуктагы совет доорунда Бишкекте салынган имараттар боюнча талаш-талкууда "совок" деген сөздөрдү колдонуп, Советтер Союзун эңсегендер “рашага” кеткиле" деген пикирлери улут аралык кастыкты козутканы аныкталганын билдиришти.
Айыпталып жаткан профессор Темир Болотбек прокурорлордун айткан дооматтарын четке кагып жатат.
Ушул жылдын башында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ага карата Кылмыш кодексинин 299.1-беренеси (улут аралык кастыкты козутуу) менен кылмыш ишин козгогон.
Бул окуя боюнча "Медиа полиси" институту билдирүү таратып, анда окутуучунун билдирүүсү этикалык жактан туура эмес экенин белгиледи, бирок ал үчүн адамды эркинен ажыратуу аша чабуу экенин айтты.
Темир Болотбек социалдык түйүндөрдөгү пикири үчүн сот жообуна тартылып жаткан биринчи жаран эмес. Активисттер Мавлян Аскарбеков менен Темирлан Ормуковдун соту уланып жатат. Алар Фейсбукта бийликке карата сын-пикирлерди жазып келишет.
Булак: NazarNews.kg