www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип милиция кызматкери кармалган.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, 11-декабрда Свердлов райондук милициясынын Балдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы билдирме менен кайрылган. Анда Бишкектеги мектептердин биринин 8-классынын окуучусу Ж.А. ноябрь айынын аягында милиция кызматкери менен жакын мамиледе болгондугу тууралуу билдиргени көрсөтүлгөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (“Зордуктоо”) менен кылмыш иши козголуп, милиция кызматкери кармалган. Биринчи май райондук соту аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Последние новости