www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК тарабынан Ош облусунун аймагында Өзбекстан Республикасынын 15 жаранынан жана Кыргыз Республикасынын 10 жаранынан турган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, аларды колдоп жүргөн Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын эки кызматкери, анын ичинде нөөмөт башчысы жана УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын бир аскер кызматкери кармалды.

Аталган кылмыштуу топ Түркия Республикасынан Ош облусунда сатуу үчүн кымбат баалуу медициналык дары-дармектерди жана зер буюмдарды Кыргыз Республикасына системалуу түрдө аткезчилик жол менен ташып келип, андан кийин Өзбекстан Республикасына аткезчилик жол менен алып өтүп турган.

Алсак, КР УКМКнын Ош облусу боюнча Мамлекеттик Чек ара кызматынын башкармалыгы жана КР МК МБК «Ош» бажысы менен биргеликте «Стамбул-Ош» каттамынын жүргүнчүлөрүнүн жүгүн текшерүү учурунда Өзбекстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын айрым жарандарынан медициналык дары-дармектердин жана зер буюмдардын ири партиясы табылган.

Экономикалык аткезчилик фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында кылмыштуу топтун уюштуруучулары жана активдүү мүчөлөрү: Өзбекстан Республикасынын 3 жараны («У.Б.К.», «И.М.Т.» и «С.У.А.») жана Кыргыз Республикасынын 5 жараны («И.З.М», «М.Б.П.», «М.У.К.», «К.Ш.Х.» и «С.Б.К.») кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Ошол эле учурда аталган кылмыштуу топ тарабынан 2025-жылдын ичинде Түркиядан 50дөн ашык каттам ишке ашырылып, 50 килограммдан ашык алтын буюмдары контрабандалык жол менен алынып келингени аныкталган. Бул иш-аракеттери менен алар мамлекеттин бюджетине олуттуу зыян келтиришкен.

Учурда кармалган топтун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө катышкан башка кызмат адамдарын аныктоо, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо жана андан кийин бардык күнөөлүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралары уланууда.

Последние новости