www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте окуучунун уюлдук телефонун уурдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымтка ылайык, 21-сентябрда эртең мененки саат 8де мектеп окуучусунун IPhone 11 телефонун тартып алган. Жабырлануучунун апасынын айтымында, кылмыш кичи автобуста болгон.
Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголду.
Кылмышка шектүүнү кармалган. Ал мурда чөнтөк уурулук менен соттолгон 1990-жылы туулган М.Н. экени аныкталган.
Ал СИЗО-1ге киргизилген.
Кармалган жарандан 4 уюлдук телефон, анын ичинде жабырлануучунун смартфону табылган.
Милиция шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар экенин жокко чыгарбайт. Буга байланыштуу укук коргоо органдары кармалган адамдын аракетинен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматы бар бардык жарандарды 0 (706) 102-102 же 102 телефон номурларына чалып коюуну өтүнөт.
Булак: NazarNews.kg