www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев инвесторлордун ишмердүүлүгүнө тоскоол болуп, аларды коркутуп, опузалап ири өлчөмдө акча талап кылган жаран кармалганын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
"Өзүңүздөр билгендей Кыргызстан акыркы эки жарым жылдан бери инвестицияларды тартууга өзгөчө көңүл буруп келет. Бул иш Президент Жапаровдун жеке көзөмөлүндө.
Мамлекет башчысы ар дайым "инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү керек" деген талапты бардык мамлекеттик органдарга, тийиштүү мекемелерге коюп келет.
Өзүңүздөргө маалым болгондой өлкөгө түз инвестицияларды тартуу иши оңой эмес. Ошол эле учурда бүгүнкү күндө тилекке каршы, инвесторлордун өлкөбүздө ишмердүүлүгүнө жолтоо болгон учурлар бар.
Мисалы акниет эмес бир жаран кармалды. Ал өзү бизнесмен жана жогорку даражалуу аткаминерлер менен байланышы бар экенин айтып, керек болсо силерди жок кылам деп коркутуп, инвесторлордон опузалап ири өлчөмдө акча талап кылган.
Бул маалымат президент Жапаровго жеткен жана ал териштирүү тапшырмасын берип, анын жыйынтыгында бул жаран кармалып, камакка алынды. Андан ары тергөө иштери жүрөт.
Президент Жапаров дагы бир жолу Кыргызстанда "кол тийбестер" жок экендигин эскертет. Өлкөдө кимде-ким инвесторлорду жогорку даражалуу байланыштары менен коркутуп-үркүтүп, алардын ишмердүүлүгүнө жолтоо болсо, инвесторлорду жеке кызыкчылыгына пайдаланып, алардан мыйзамсыз акча каражатын талап кылса — дароо камалат.
"Өлкө башчысын адаштырып коёбуз же ал эч нерсе билбей калат" дегендер болсо, алар катуу жаңылышат.
Президент Жапаров УКМК, ИИМ жана башка жеке булактарынан ыкчам маалыматтарды дайыма алып турат. Учурда Мамлекет башчысында дагы кимдер "жогорку байланыштарына" жамынып инвесторлорду коркутуу, акча талап кылуу менен алектенип жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар. Арам ойлорун ишке ашырам дегендер үчүн абактарда орундар жетиштүү", - делет маалыматта.
Булак: NazarNews.kg