www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
15-январда социалдык тармактарда борбор калаадагы №87 мектепте кыргыз тили сабагы учурунда мугалим окуучуну “сабакты билбейсиң” деген негизде жаакка чапкылап, уруп-согуп жатканы тартылган видео тараган. Бул окуя коомчулукта талкуу жараткан.
Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү департаменти №87 орто мектепте орун алган окуя боюнча атайын комиссия түзгөн.
«Текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын одоно бузулушу аныкталды. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын «Балдар жөнүндө» кодексинин, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын, «Жалпы билим берүүчү уюмдар жөнүндө» типтүү жобонун, ошондой эле педагогикалык кесиптик этиканын нормалары сакталган эмес. Аныкталган мыйзам бузуулар жашы жете элек окуучунун укуктарына шек келтирген. Мындай көрүнүштөргө жол берилбейт. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен мектеп директоруна карата тартиптик жаза колдонулду, ал эми мугалим белгиленген тартипте, ээлеген кызматынан бошотулду», — деп жазылат мэрия тараткан маалыматта.