www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев бүгүн, 16-январда, көрүнүктүү жазуучу, драматург, Кыргыз Республикасынын Баатыры Бексултан Жакиевдин туулган күнүнүн 90 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасына катышты.

Иш-чара Ала-Арча көрүстөнүндөгү маркумдун мүрзөсүнө гүлчамбар коюу менен башталып, андан соң Кыргыз улуттук "Манас" театрында уланды. 

Эскерүү кечесине коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, жазуучунун калемдештери жана жакындары катышты.

Мамлекеттик катчы салтанаттуу жыйында Бексултан Жакиев кыргыз элинин пассионардык рухунун алып жүрүүчүсү экенин белгилеп, анын чыгармалары эркиндикти, намысты жана улуттун руханий күчүн даана чагылдырарын баса белгиледи. 

Анын драматургиясы кыргыз адабиятынын алтын фондуна айланганы, азыркы жана келечек муундар үчүн баа жеткис руханий мурас болуп түбөлүккө калары айтылды.

Последние новости